Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет
Ошентип, ушул жылдын 23-мартына карата жалпы республика боюнча жаздык өсүмдүктөр 105,6 миң гектарга себилди, бул былтыркы жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 25 пайызга аз.
Үстүбүздөгү жылдын 23-мартына карата жаздык арпанын айдоо аянты өткөн жылдын ушул эле күнүнө карата 31,2 пайзды, жаздык буудай 28,6 пайызды, көп жылдык чөп 9,4 пайызды, картошка - 6,8 пайызды, жашылча - 5,6 пайызды, май өсүмдүктөрү - 3,7 пайызы түздү.
22-мартына карата жаздык өсүмдүктөрдү түрлөрү боюнча себүү

2021-жылдын 23-мартына карата жаздык өсүмдүктөрдүн эң көп аянттары Чүй облусунун чарбаларында эгилген бул, 2020-жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу жаздык эгин себилген аянттын 45,0 пайызы, Ош (25,7 пайыз), Баткен (16,0 пайыз) жана Жалал-Абад (12,0 пайыз) облустарынын чарбаларында себилди, жаздык эгиндин эң аз аянттары Ош шаарынын (0,8 пайыз) жана Талас облусунун (0,5 пайыз) дыйкан чарбаларында себилген.
22-мартына карата жаздык өсүмдүктөрдөн аймактар боюнча себилиши

Мындан тышкары март айында айыл чарба өндүрүүчүлөрү 48,2 миң гектар аянттагы күздүк эгиндери азыктандырылды жана 138,3 миң гектар жазгы айдоо аянты айдалды.