Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, жыл жаңыргандан бери кургак учуктун 961 жаңы учуру катталып 21,5%га азайган, 2020-жылы 1212 учур катталган. Эң жогорку көрсөткүч Чүй облусунда (21,6) жана Ош шаарында (15,1) белгиленген.

Ошондой эле ВИЧ-инфекциясынын 215 (3,3) учуру катталып, 15,4%га азайган, 2020-жылы 253 (3,9) учур катталган. Оору боюнча эң жогорку көрсөткүч Чүй облусунда (4,0) жана Бишкек шаарында (9,7) белгиленген.

Булак: Кабар