Ысык-Көл облусуна прокурор болуп барган Сыймык Жапыкеев өзү тууралуу тарап жаткан ар кандай кептерге түшүндүрмө берди.
Эске салсак, Жапыкеев бийлик менен сүйлөшүү жүргүзүп, бир топ жогорку даражалуу кызматка барууга аракеттенип жатканы тууралуу жазылган.
"Мындай маалыматтар калп. Мен прокуратурадагы ишиме канааттанам жана өзгөртүүнү ойлонгон жокмун. Облус жетекчилиги, прокуратуранын жамааты абдан жакшы кабыл алышты. Азыр мен облустун маселелерин байкаштырып жатам. Учурдагы ишим мага жагат. Эгер облуска мыйзамдуулукту орнотуп, акыйкаттуулукту түптөсөк, эл үчүн иштеген болобуз, бул жаман иш эмес. Калптын түбү болбойт экен, мени каралоону токтотпой коюшту. Кудай буйруса, облусту жетекчилик менен бирге кыдырып, эл көйгөйүн угам", - деди ал.