Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев орун басарлары кандай батирлүү болгонун айтып берди. Эске салсак, маалымат каражаттарына аты-жөнүн ачык айтпаган медицина кызматкерлери кайрылып, министрдин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов жана Жалалидин Рахматуллаев кызматка орношоору менен кызматтык батирлүү болушканын айтышкан. 

"Ал батирлердин абалы абдан начар. Бири эң жогорку кабатта жайгашкан, чатырынан суу агат. Экинчиси толук оңдоп-түзөөгө муктаж. Орун басарларым батирлерди башка дарыгерлерге берүүгө даяр, бирок эч ким албайт. Оңдоо иштерине бери дегенде 2 миң доллардан 5 миң долларга чейин каражат керектелет. Эч бир медикте андай акча жок. Эгер каалоочулар болсо, батирдин ачкычын берүүгө даярбыз", - деди министр.