"Менин жеке оюмча төмөнкү сүрөттө көрүнүп турган жер тилкеси же цемент заводду өлкө өзүнө менчиктештирип алганы туура эмес көрүнүш. Анда көрө Жумалиевке акырына чейин курдурууга мүмкүнчүлүк берип, мамлекет негизги акционер катары калса жакшы болмок. Себеби бүткөн цемент завод биринчиден жарандарыбызды иш менен камсыз кылат, экинчиден салык, соцфондко акча түшөт жана сыртка экспорттогонго мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Көрөсүңөр бул деле ээси жок ангырайган бойдон калат эми.

Мамлекет өзүнө кемирип алган ишканалардын кейпин билесиңер баарыңар. Учурда өлкөнүн экономикасын өнүктүрөлү десек, өндүрүшкө маани берип,аркандай коркутуу,басып алууларга жол бербешибиз керек болот. Бул сырттан келетурган инвесторлорго терс таасирин тийгизет . Инвесторлор деле биринчи орунда сот жана укук маселесине биринчи маани беришет .

Негизи эле өлкө бизнеске шарт түзүп, аларга жеңилдетилген салык жана укук баазасын түзүп берүүгө милдеттүү", - деп жазды жарандык активист Медербек Саидов соцтармактагы баракчасына.

Возможно, это изображение (дорога)

Эске салсак, Кубанычбек Жумалиев мамлекетке 1 миллиард сомго бааланган мүлкүн өткөрүп берген. Анын ичинде сүрөттөгү жер тилкеси да бар.