Европадан келишкен кѳз карандысыз эксперттердин баамында, Конституция боюнча референдум уюштуруучулук менен жакшы деңгээлде ѳттү. Айрым бир жерлерде административдик ресурстардын пайдаланылуусун эске албаганда негизинен шайлоо мыйзамдары сакталды.

“Референдум менен бирге ѳткѳрүлгѳн жергиликтүү кеңештерге шайлоолор саясий партиялардын тең укуктуу шарттагы атаандаштыгы менен ѳттү. Жергиликтүү кеңештерге аялдар үчүн 30 пайыздык квота гендердик теңчиликти камсыз кылуу жаатындагы позитивдүү кадам болуп эсептелет. Ошону менен бирге добуштарды сатып алуу, добуш берүүнүн купуялыгын,  үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоо жаатында да мыйзамсыз кѳрүнүштѳр орун алды. Мамлекеттик бийлик мындан ары шайлоо мыйзамдарынын аткарылуусун камсыз кылуу менен жогорудагыдай кѳрүнүштѳргѳ жол бербеши керек”,- дешти Евробиримдиктин байкоочулары.

Ошондой эле байкоочулар жаңы Конституцияга зарыл болгон мыйзамдык актылардын баары Европа Биримдигинин Венеция комиссиясынын  2021-жылдын 19-мартында кабыл алган корутундусун  эске алуу менен даярдалуусу керектигин кошумчалашты.

Булак: “Майдан. kg” гезити