Акыркы жылдары үй-бүлѳдѳгү зомбулук, аялдардын күйѳѳлѳрү тарабынан физикалык жана моралдык жактан кыйноолорго, басмырлоолорго дуушар болуусу чоң кѳйгѳйгѳ айланды.
Ушул жылдын башынан бери Бишкек шаарында эле үй-бүлѳдѳгү зомбулук боюнча 1 миң 957 факт катталгандыгын шаардык милиция билдирди. Бул ѳткѳн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 65 учурга аз. Статистикалык маалыматтар боюнча, мындай зомбулук кѳрүнүштѳрүнѳн негизинен аялдар жабыркашкан.
2020-жылы кризистик борборлорго 648 аял үй-бүлѳдѳгү зомбулуктун курмандыктары катары кайрылышып, аларга ар кандай жардамдар кѳрсѳтүлгѳн. Тилекке каршы, мындай кѳрүнүштѳрдѳн аялдар эле эмес, жаш наристе, жеткинчектер да жабыркап, ар кандай психологиялык жаракаттарды алып келишет.
Булак: “Майдан. kg” гезити