Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан 8 партияга ачкалык жарыялоого уруксат берген жок. Бул тууралуу Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев бүгүн, 14-апрелде журналисттерге билдирди.

Аталган партиянын мүчөсү Амантур Манапбаевдин айтымында, 9 партия ачкачылык кармоо акциясына катышуу ниетин билдиришкен. Муну менен алар Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылууда.

«Биз чатыр тигүүнү ойлогонбуз, ар бир партиядан 1-2 киши ачкачылык кармайт. Бирок бизге соттун чечимин көрсөтүштү, ал жакта сот акимчиликтин митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө сунушун колдоору айтылат», - деди Манапбаев.

Партиялар тыюу салууга карабай ачкачылык кармоону улантууну пландап жатышат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына Кыргызстан коммунисттер партиясы, «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу журт», Кыргызстан социалисттик партиясы, «Кыргызстан демократиялык кыймылы», «Тынчтык», «Бийлик элге» партияларынын өкүлдөрү чогулду. Ошондой эле ачкачылык акциясын «Жашылдар партиясы» дагы колдой турганы айтылды.

Милиция Кыргызстан коммунисттер партиясы тарабынан БШКнын алдына орнотулган чатырды алды.

      

Булак: Баракелде