Бүгүн, 14-апрелде УКМК тараткан маалыматта мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча эки кыргызстандык кармалганы айтылган. Маалыматта кармалгандардын аты-жөнүнүн баш тамгасы гана белгиленген - М.К. жана М.Т. 

Анын биринчиси саясат талдоочу Марат Казакпаев экени белгилүү болду. Экинчиси тууралуу азырынча такталган маалымат жок. 

Марат Казакпаевге карата кылмыш иши жашыруун белгиси менен ачылганы айтылды. Азырынча ал кайсы өлкөнүн кызыкчылыгына иштегени ачыктала элек. 

 Саясат талдоочу мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес жана мамлекеттик жашыруун сырларга, жашыруун документтерге байланышы болбогон.