Сокулук районунун Орок айылынын айылдык кеңешине депутаттыкка талапкер болгон эркектер аял кишилерди мандаттан баш тартууга мажбур кылышууда. Борбордук шайлоо комиссиясы буга байланыштуу эркек-талапкерлерди аял -талапкерлерге басым жасоодон алыс болууга чакырды.
Маалым болгондой, 11-апрелдеги шайлоонун жыйынтыгы аталган айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешине (УИК № 7406) аял-талапкерлер өткөнүн көрсөткөн. Бул айрым эркек-талапкерлердин нааразычылыгын жараткан.
Милиция кызматкерлери окуянын катышуучуларынан түшүнүк кат алган. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы менен биргеликте тургундарга мыйзамдуулуктун нормалары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Тергөө иштери уланууда.
Маалыматка караганда, Орок айылдык кеңешине төрт шайлоо округунан 21 депутат шайланган. Анда 67 талапкер катталган жана анын 24ү аялдар болгон.