Печать
Категория: Коом
Просмотров: 77

ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милиция кызматкерлеринин жана алардын жетекчилеринин иш-аракетине баа берилип, ага ылайык 2021-жылдын 9-апрелинде ИИМдин буйругу жарык көрдү. Анда өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди так аткарбагандыгынын натыйжасында, “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзамынын, укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын талаптарын, КР ИИОнун 2020-жылдын 12 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердигинин жыйынтыгы менен өткөрүлгөн коллегиянын жана Аппараттык, ыкчам кеңешмелердин жыйынтыгы менен коюлган тапшырмалардын талаптары жана ИИМдин бир катар буйруктарынын талаптары одоно түрдө бузулган.

Жогорудагылардын негизинде, Бишкек ШИИББнын начальниги, милициянын полковниги Б. Матмусаев, Бишкек ШИИББнын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын полковниги Э. Атантаев, Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматынын начальниги, милициянын полковниги Н.Утемисов, Биринчи Май РИИБнын начальниги, милициянын полковниги А.Казакеев, Биринчи Май РИИБнын начальнигинин ыкчам иштери боюнча орун басары, милициянын полковниги И.Базаркулов, Биринчи Май РИИБнын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары, милициянын полковниги К.Суранчиев, Биринчи Май РИИБнын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын полковниги А.Озубеков, Биринчи Май РИИБнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери, милициянын улук лейтенанты Б.Абдиллаев, Биринчи Май РИИБнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери, милициянын майору Ж.Тукешов жана Биринчи Май РИИБнын тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны У.Арыкбаев ээлеген кызматынан бошотулду.

Жалпы 44 кызматкер тартип жазаларына кириптер болушту.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити