Мындай пикирин КРнын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын кеңешмесинде айтты.
К.Ташиевдин айтуусунда, протоколдо көрсөтүлгөн бардык чечимдер эки өлкөнүн мамлекеттик кызыкчылыктарын эске алуу менен чечилген: “Бардык чечимдер мамлекеттин, чектеш аймактарда жашаган жарандардын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынууда жана мындан ары карай да кабыл алынмакчы. Протоколдун ар бир пункту талашка түшүп, көптөгөн күч-аракеттер аркылуу гана мамлекеттик жерибиздин ар бир метрин жактадык. Учурда эл арасында толук маалыматка ээ болбостон, талдоого албастан мени сынга алгандар болууда. Мен, өкмөттүк делегациянын башчысы катары, өзүмө чоң жоопкерчиликти алдым жана убакыт бардыгын өз ордуна коюп, кезинде бул тарыхый чечим болгондугун айтышат”.
Ошондой эле, К.Ташиев мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары аталган протокол боюнча маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын күчтөндүрүүсү зарыл экенин айтты. “Жер-жерлердеги жарандарга так маалымат жетпей жатат. Мен бардык региондорду кыдырып чыктым, бирок бул жетишсиз, ар бир адам менен жолугушуп, жеткиликтүү тил менен протоколдун ар бир пунктун түшүндүрүү керек. Маалымат калкка толук жеткирилгенде гана кабыл алынган чечимдердин акыйкаттыгына шек жаралбайт”,- деп билдирди өкмөттүк делегациянын башчысы.
Демек, айрым саясый атаандаштар К.Ташиевдин же бүгүнкү бийликтин кадырын кетирип, элге жек көрсөтүү үчүн атайлап чагымчыл маалыматтарды таратып аткандыгы көрүнүп эле турат.
Булак: “Майдан. kg” гезити