Коррупцияга шек саналып кармалып, мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтургандардын катарын мурдагы премьер-министр, азыркы депутат Кубанычбек Жумалиев толуктады. Ал мамлекетке 1 млрд. сом төлөп берип, эч кайда кетпөө тилкаты менен бошотулгандыгы 12-апрелде  жарыяланды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жумалиев өз ыктыяры менен жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык акчага бааланган коммерциялык активдерин жана кыймылсыз мүлкүн мамлекетке өткөрүп бергенин билдирди.

УКМКнын маалыматы боюнча, тергөө тарабынан Жумалиевдин улгайган курагын жана ден соолугун эске алуу менен, 12-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна ага карата эч жакка кетпөө жөнүндө бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү келтирилген.

Жумалиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 4-февралда Жазык кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) боюнча айыптап, камакка алган.

Ал март айынын башында кан басымына жана жүрөк оорусуна байланыштуу Бишкектеги менчик ооруканага жатканы кабарланган. Жумалиев Бишкектеги “Бикард” жеке менчик ооруканасынан УКМКнын тергөө абагына кайтканын атайын кызмат 29-мартта кабарлаган.

Кубанычбек Жумалиев Эл аралык медициналык университетке лицензия алуу, ошондой эле кылмыштуу жол менен табылган кирешени легалдаштыруу, салык жашыруу, мыйзамсыз баюу боюнча айыпталууда.

Бирок, азырынча К.Жумалиев мамлекетке кайсы мүлктөрүн өткөрүп бергендиги так айтыла элек. Айрым укук коргоо органдарынын жана элдин айтуусу боюнча, ал мурдагы ЭВМ заводуна, “Таатан”, “Гоин” деген ири соода жайларына ээлик кылат же үлүшү бар.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити