Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми бүгүнкүгө чейин өлкөдө жалпы 2705 адамга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлдү.

Алар:

- Бишкек шаарында — 403 адам (соңку суткада – 53 киши);

- Ош шаарында — 384 адам (соңку суткада – 35 киши);

- Чүй облусунда — 353 адам (соңку суткада – 114 киши);

- Ош облусунда — 892 адам (соңку суткада – 168 киши);

- Ысык-Көл облусунда — 142 адам (соңку суткада – 23 киши);

- Баткен облусунда — 39 адам (соңку суткада – 22 киши);

- Нарын облусунда — 341 адам (соңку суткада – 31 киши).

- Жалал-Абад облусунда — 151 адам (соңку суткада – 111 киши).