Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын "Жалалабатгаз" филиалынын маалыматына ылайык, эртең, 14-апрель күнү саат 09:00дөн баштап 15-апрель саат 17:00гө чейин Жалал-Абад шаарынын Мукуми, Икрамов, Куйбышев, Махмудов көчөлөрүндө, Пушкин көчөсүндөгү №148 көп кабаттуу үйдө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу газ берүү токтотулат.

Жалал-Абад шаардык мэриясы жарандарды жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

Булак: Кабар