2021-жылдын 9-апрелинде соцтармактарга жарыяланган "Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү май жүктөгөн бензовоздор өткөрүлүп жатат" деген мазмундаы видео боюнча   “Кыргызнефтегаз” ААКсы  кайрылуу жасады.

Андагы айтылгандарга таянсак, бүгүнкү күндө “Кыргызнефтегаз” ААКсы өзүнүн өндүрүш ишмердүүлүгүн лицензияланган өндүрүш аянттарында, Баткен облусунун Лейлек районундагы “Карагач”, “Башкент-Тогап-Ташрават”, “Тамчы” аймактарында жүргүзүп жатат. Баткен облусунда өндүрүлгөн мунай  Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү завод – “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАКына жөнөтүлөт же мунайды  кайра иштетүүчү жергиликтүү  заводдорго жеткирилет. Аталган ЖАК “Кыргызнефтегаз” ААКсына тийиштүү экенин белгилей кетели.

“Кыргызнефтегазга” таандык  бензовоздор мунайды жүктөп алып, борбордук трасса аркылуу көздөгөн жерине барат. Каттамдардын саны, аталышы жана жүктүн көлөмү менен салмагы көлөм менен салмакты көзөмөлдөөчү пункттарда каттоого алынат. Мунай  өндүрүүчүлөр күйүүчү-майлоочу материалдарды Лейлек районунда жайгашкан май куюучу жайларга көрсөтүлгөн каттам жана багыт боюнча жеткирип беришет. Мунайды жана мунайзатты жеткирүү менен жергиликтүү мунайды кайра иштетүүчү заводдор, мисалы “НПЗ Сафар МКЗ” ЖЧКсы да алектенет.

 “Соцтармактарга тараган видеодо автоунаалардын мамлекеттин номери, жеткирүүчүнүн конкреттүү логотиби көрсөтүлгөн эмес. Видеонун тартылган күнү да такталбаган, бул абдан маанилүү болчу, анткени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы №66 Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБ бажы аймагынын тышкары мунайды жана мунайзаттарын экспорттоого убактылуу тыюу салуу  боюнча“ токтому кабыл алынган. Мындан кийин экспорттук операциялар толугу менен токтотулган”, - деп билдирет “Кыргызнефтегаз”.

Жогоруда айтылгандардан улам, аталган ААК негизги өндүрүш ишмердүүлүгүнүн алкагында Баткен облусунун аймагына чындап эле мунай жана мунайзаттарды менчик жана жалданма автоунаалар менен жеткирээри анык болду. Аны менен катар бардык жеткирүүлөр учурдагы мыйзамдын  талаптарын тыкыр сактоо менен ишке ашат, мунай жана мунайзаттарын аткезчилик жана экспорттук ташууга жол берилбейт.