Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында 80 га жайыт жер жеке тараптарга турак жай куруу үчүн менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Айыл өкмөт тарабынан жайыт жер 615 тилкеге бөлүнүп, алардын көпчүлүгүнө жарандар жерге менчик тууралуу мамлекеттик актыларды алышкан.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан айыл өкмөттүн чечимдерин жана жеке менчик тууралуу документтерди жокко чыгаруу боюнча Баткен облустук административдик сотуна доо арыздар киргизилди.
Ошондой эле жогорудагы факттар Кылмыштардын менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүүдө.
Булак: Баракелде