Печать
Категория: Коом
Просмотров: 180

ИИМ министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов бүгүн, 12-апрелде үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын адвокаты билдирди. 

Айтымында, Асановду үй камагына чыгаруу чечимин Бишкек шаардык соту кабыл алган. 

Эске салсак, 20-мартта Биринчи май райондук соту тарабынан Курсан Асановду 26-майга чейин абакта калтыруу чечими кабыл алынган эле. Ал УКМКнын абагында кармалып турган. Асановго мамлекеттик имаратты басып алуу боюнча айып тагылган.