- Мехмет бей, сиздердин лицейдин ачылып иштей баштагандыгына канча убакыт болду? Бул  убакытта  кандай  ийгиликтерге жетиштиңиздер?

- Х.Карасаев Ысык-Көл лицейи 1992-жылы биринчи Ак-Суу айылында ачылган экен. Келерки жылы 30 жыл болот.

Биздин лицей ачылгандан бери билим берүү тармагына, анын ичинде предметтик олимпиадалар, дүйнөлук олимпиадаларда ийгиликтерди жаратып келет. Кызыл атестат, ЖРТ жыйынтыктары боюнча, ар  жылы 2-3-орундарды алуу менен Ысык-Көл облусуна, Каракол шаарына өз салымыбызды кошуп келебиз. Мисалы,  окуучуларыбыз  2019-2020-жылдары  Дүйнөлүк Химия олимпиадасы жана Менделеев олимпиадасында күмүш жана коло медалдарды  алышты. Бул Кыргызстан боюнча көптөн бери боло  элек  жетишкендик.  ЖРТ боюнча  орточо балл алуу жагынан лицей биринчи орунду алды.  

- Сиздер балдарга билим, таалим-тарбия берүүдө кандай принцип, баалуулуктарды  жетекчиликке аласыздар?

- Бул боюнча биздин калыптанып калган системабыз бар жана Вайсфул деген психологиялык борбор менен иш алып барабыз. Мисалы,  тарбиялоодо окуучуну карточка менен баалоо (Кызыл жана жашыл карточкалар менен),  тартиби мыкты болсо окуучуну лицей кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйлайт, эгер кызыл карточкасы көп болсо окуучунун ата-энеси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Жумасына класс жетекчи менен тарбиячысы окуучулар менен бир бирден сүйлөшүүлөрдү, жалпы чай үстүндөгү  жолугушууларды уюштуруп турушат.

- Башка жалпы билим берүүчү мектептерден айырмачылыгы эмнеде?

- Айырмачылыгы -  окуучуларды экзамен менен кабыл алабыз, тилдерге басым жасайбыз, 7-класстарга даярдоо класстары катары жумасына англис тилинен 12 сааттан,  түрк тилинен 4 сааттан сабак берилет, 8-класстан баштап олимпиадага ар ишемби  сайын даярдык көрүлөт. 9-10-класстарда ЖРТ жана башка курстарга даярдоо башталат. Чет жакка барам дегендерге Toefl, SAT ж.б. курстарга даярдоо болот. Жуманын ичинде ийримдер  жана жума аягында бейрасмий сабактар болуп турат. Баары акысыз. Бүтүрүүчүлөрүбүз 4 тилде эркин сүйлөп чыгышат, 3 сертификат берилет. Коом, ата-энелер менен да активдүү иштерди алып барабыз.

- Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖТР) «Сапаттын» мектептеринин бүтүрүүчүлөрү жакшы көрсөткүчтөрдү  камсыз кылып келатканын билебиз. Алардын ичинде сиздердин лицейдин окуучуларынын ийгиликтери кандай болууда?

- Бизде жыл сайын 1-2 окуучубуз алтын сертификат алышат,себеби мугалимдерибиз талыкпай эмгек кылышат, бош убакыттарында, айрыкча ишемби  күндөрү  кошумча сабактар менен коштолот. Каникул убагында да даярдоолор улантылат. Андан тышкары  ар кандай сыйлыктар менен окуучуларга  мотивация  беребиз. Мисалы, алтын сертификат алган окуучуга 500 доллар берилет. Жалпы көрсөткүчтө республика боюнча  алдыңкы  жакшы   орундарда турабыз.

- Ата-энелер балдарынын билимдүү, ийгиликтүү болууларын каалашып, сиздердин лицейде окутушса керек. Балдарынын алган билимдерине ата-энелер тарабынан нааразычылыктар болбойбу?

- Нааразычылыктар болбойт, анткени,  ар бир окуучу менен иштешкенге аракет кылабыз. Бирок кээ бир окуучулар жалкоолукка алдырып, айтканды укпай коюшуп  өздөрүн  артка тартышы мүмкүн. Ошентсе да кээ бир  ата-энелер  балдарын тарбиялуу болсун деген максат менен бизде  окутушат.

- Сиздердин лицейди  бүтүп кеткендердин андан кийинки ийгиликтери тууралуу эмне айта  аласыз? Андан кийинки турмуш жолдорунда өз ордуларын таап кетип жатышабы? Кайсы жогорку окуу жайларынан билим алып жатышат?

- Бизден бүтүргөндөр мыкты деңгээлде бүтүрүшөт, алардын  60 пайыздан  ашыгы  чет өлкөлөрдөгү окуу жайларга  тапшырышат. Өзгөчө  максатын туура тандаган, 5 жылдык билим алуу убагында убактысын туура  бөлүштүргөн окуучуларыбыз ар тараптан жетишип келишет. Лицейден  кеткенден кийин да ал окуучуларыбыз менен байланышып турабыз, колдон келген жардамдарды көрсөтөбүз, бизге да өз салымдарын кошуп турушат. Кыргызстанда калган бүтүрүүчүлөрүбүздүн көпчүлүгү  Ала-Тоо, АУЦА, Манас университеттеринде окууларын улантып келишет. Америка, Европа мамлекеттеринде,  Кытай, Россия, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдө жогорку билим алышат. Биздин 1205 бүтүрүүчүбүз болсо, алардын 300дөн  ашыгы чет мамлекеттерде иштеп, жашап жүрүшөт.

- Балдарга сапаттуу билим берүүдө мугалимдердин ролдору чоң. Мугалимдерди  кандай сапат, критерийлер менен жумушка аласыздар?

- Биздин жамаатта жергиликтүү мугалимдер жана чет жерден келишкен  мугалимдер иштешет. Чет жерликтерди алууда мугалимдин диплом, сертификаттарына кароо менен бирге алардын өз иштерин билүүсүнө да карайбыз. Кээ бирөөлөрүн “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемесинин  жетекчилиги жөнөтөт. Өзүбүздүн бүтүрүүчүлөр да толуктайт, эң башкысы конурстардын жыйынтыктарына каралат.

- Замандын өнүгүүсүнө жараша билим берүү да өнүгүп, жаңыланып турушу керек. Алдыда билим берүүнүн сапатын жакшыртууда кандай план, максатыңыздар бар?

- Бизде замандын талабына ылайык иштөө принциби менен иш алып барабыз. Лицейде жүргүзүлгөн окуудан сырткаркы иштер окуучуларда төмөндөгү төрт сапаттын калыптануусун шарттайт: 1) Креативдүү ой жүгүртүү. 2) Бирдиктүү иш алып баруу. 3) Өз ой-пикирин айта билүү. 4) Көпчүлүк менен тил табышуу жөндөмүн арттыруу.

Лицейде  окуучулар үчүн  бардык шарттар каралган. Мисалы,  акылдуу доска, акылдуу сыналгы, компьютер, заманбап шаймандар ж.б. Окуучуларга жыл сайын лабороторияларда практикалык иштер менен алектенүүсүнө шарт түзгөнгө аракет кылабыз. Мугалимдердин багыттоосу менен өздөрү кыла турган деңгээлде үйрөтүп келебиз. Азыр спорт зал жана конференция  залыбызды куруп бүткөрүүнү пландап атабыз. Булар бүткөрүлүп ишке киргизилсе, өзүбүзгө эле эмес, Каракол шаарыбызга да пайда алып келет деген үмүттөбүз. Ошондой эле шаарыбыздагы иш чараларга катышып,  ошол эле убакта өзүбүз да шаар аралык, облус  аралык иш чараларды уюштуруп, коом менен тыгыз байланышта болуу деген принципте иштеп келебиз. Дагы бир маселе,  лицейдеги окуучулардын социалдык, матералдык абалдарына карабай баарына тегиз карап, бирдей  мамиле жасоо – биздин башкы принцип болуп эсептелет.

Кийинки убакта тилге өзгөчө  көңүл буруу менен чет мамлекеттерде окутуу процессин колго ала  баштадык. Мыкты окуучуларыбызды башка университеттерден окутуу үчүн Toefl, SAT ж.б. курстарды үйрөтүүнү дагы да  тереңдетип  үйрөтө баштадык. Дүйнөнүн мыкты университтеринде окуган бүтүрүүчүлөрүбүз кийин өз өлкөсүнө, өзү билим алган лицейине, мектебине салымдарын  кошушса  деген аруу  тилегибиз бар.

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити