Печать
Категория: Коом
Просмотров: 108

Гезитибиздин буга чейинки санында Кыргызстандын профсоюздар Федерациясынын жетекчилик ордун өкүм зордук менен ээлеп алган Мирбек Асанакуновдун мыйзамсыз аракеттери тууралуу жазганбыз. Бул теманы улантууга туура келди, анткени өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаттары “Профессионалдык союздар жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алып беришти. Болбосо, бул мыйзам долбоору алгач сунушталган күндөн тартып тараптардын нааразычылыгын, талаш-тартыштарды жаратып келген. Бирок ага карабай депутаттар Кыргызстандын Конституцияга каршы келген мыйзамдарынын катарын дагы бирөөгө көбөйтүштү. Буга нааразы болгон профсоюздар Федерациясынын эмгекчилдери митингге чыгышып, бийликке өз чындыгын жеткирүүгө аракет кылышты. Ал чындык канчалык деңгээлде жетти, Башмыйзамга, Эл аралык эмгекчилер уюмунун Конвенциясына каршы келген мыйзам долбоору артка кайтарылабы же колдоого алынып, бир ууч топтун кызыкчылыгына кызмат кылабы - убакыт көрсөтөт. Президенттин кароосунда 30 күнгө чейин болот, бир айдын ичинде же кол же вето коюлат.

“Профессионалдык союздар жөнүндө” мыйзам долбоору мындан эки жыл мурда, 2019-жылы сунушталган. Демилгечилери - депутаттар Мирлан Бакиров, Гүлшат Асылбаева, Данияр Төлөнов жана Таалайбек Масабиров. Ошол учурда эле профсоюздук кеңештин 29 мүчөсүнүн көпчүлүгү каршылыгын билдирген жана бул кыргызстандык эмгекчилердин эмес, бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгына багытталган мыйзам экендигин билдиришкен. Бир үй-бүлө дегени профсоюздар Федерациясын учурда күчкө салып басып отурган Мирбек Асанакунов жана анын жубайы, ЖК депутаты Гүлкан Молдобекова. Мыйзам долбоору Асанакунов төрагалыкка келгенден кийин сунушталганын кошумчалай кетели. Анын артында профсоюзга тиешелүү мүлктөргө көз салуу катылып жатканын ачыктагандар чыккан. Бирок канчалык айтып, дебесин, мыйзам долбоорунун аталган кызматтын кызыкчылыгына каршы келээрин билип туруп парламент эч кандай реакция кылган жок. Ошол 2019-жылы КМШ өлкөлөрүндөгү, Азербейжан, Белорусия, Казакстан, Россия, Татарстан, Молдова жана Тажикстандагы токой тармагынын эл аралык профсоюздар Федерациясынын эмгекчилери Жогорку Кеңештин ал кездеги спикери Дастан Жумабековго кайрылуу жолдошуп, бул мыйзам долбоору эл аралык эмгекчилер уюмунун Конвенциясына туура келбей турганын түшүндүрүшкөн. Чырылдаган, акыйкат издеген үндөрдүн, профсоюздун эмгек жамаатынын каршылыгынын “жыйынтыгы” өткөн жумада билинди – парламент үчүнчү окууда кабыл алды!

Белгилей кетчү жагдай, долбоордун кабыл алынышы регламентти бузуу менен болду. 31-мартта жалпы парламент пленардык жыйында көпчүлүк добуш менен өткөргөн болсо, ага чейин, 29-мартта Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитети бул мыйзам долбоорун колдогон. Бирок ал жыйында кворум болгон эмес. Комитеттин эки мүчөсү – төрайымы Гүлкан Молдобекова (Мирбек Асанакуновдун жубайы) жана депутат Ч.Урумкалиева жалпы комитеттин атынан чечим кабыл алышкан.

Талаштагы мыйзам - өзөгү эмнеде?

Мыйзам долбоорун чечмелеш үчүн Грузиянын металлургиялык, тоо жана химиялык өндүрүш профсоюзунун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылуусуна токтолууга туура келет. Грузиялык профсоюз кызматкерлери кыргыз президентине мыйзам долбоорун мындайча түшүндүрүшкөн:

“Биз Кыргызстан парламенти кабыл алган “Профессионалдык союздар жөнүндө” мыйзамына тынчсызданып жатабыз. Бул мыйзам эмгек жааатындагы эл аралык стандартка туура келбейт. Анын профсоюздарга, жумушчуларга тийгизчү залакасы чоң. Биринчи кезекте Кыргызстандагы уюмдардын эркиндигин жок кылат. Өлкөдөгү бардык профсоюздар персоналдык, маалыматтык жана каржылык жактан Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын толук көзөмөлүнө алынат. Тармактык жана аймактык профсоюздар жетекчилиги КФПнын төрагасы тарабынан бекитилет жана бошотулат. Профсоюздун уставы да төрагадан көз каранды болот. Андан сырткары, КПФ жалгыз социалдык өнөктөш болуп калат, бул эмгекчилерди өз тандоосуна жараша башка профсоюздук конфедерация түзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Жаңы мыйзамдагы ушул жана башка негиздер Кыргызстандын Конституциясына жана Эл аралык эмгек уюмунун Конвенциясына карама каршылык жаратат. Анткени, анда эмгекчилер өз тандоочу боюнча алдын ала уруксат албай туруп, уюмдарды түзө алышат жана мындай уюмдарга кирүүгө укуктуу деп жазылган”.

Өзүнө жана өлкөгө тийгизчү кесепети

Парламент кабыл алган мыйзамда бир гана профсоюздук мекемелердин өзүнө гана эмес, жалпы өлкөгө тийгизчү кесепеттер катылган.

Биринчиден, Кыргызстандагы бардык профсоюздук мекемелерге болгон бийлик профсоюздар Федерациясынын төрагасынын колуна тиет, бул өз кезегинде төраганын каалаган максатын ишке ашырууга жол ачат. Мирбек Асанакуновдун эмгек жамаатынын кабыл албаганына, сот мыйзамсыз аракетин аныктаган чечим чыгарганына карабай төрагалыкка бек жабышып отурганынын себеби так ушунда болсо керек. Эки жылдык “эмгектеринин” акыбети кайтып, бир үй-бүлөгө керектүү мыйзам долбоорун өткөрүштү, эми президенттин колдоосуна ээ болсо, калганы “май кармаган бармагын жалайт” болоору анык эмеспи.

Экинчиден, мыйзам долбоору профсоюздун кыймылсыз мүлктөрүн мыйзамсыз сатуу боюнча коррупциялык схемалардын жаралышына шарт түзөт. Учурда буга байланыштуу чечимдер жамааттык негизде кабыл алынат. Ал эми аталган мыйзам ишке кирсе, демократизмдин принциптери жокко чыгат да, жамааттык чечимдерге чекит коюлат. КПФ төрагасы бардыгын өзү билгениндей чечет, аны менен катар күчтүү иммунитетке ээ - кокус аракетинде эреже бузуу аныкталса да, аны эч ким кызматтан кетире албайт.

Дагы бир залакасы - Кыргызстандын ВСП+ программасына катышуусуна терс таасирин берет. Бул программа кыргыз өндүрүшчүлөрүнө Европага 6 миң товардык позицияны нөл тарифтик ставка менен экспорттоо мүмкүнчүлүгүн ачкан. Кыргызстан менен Евросоюздун ортосундагы жыл сайын товар жүгүртүү 1 миллиард долларды түзөт, анын 100 миллион долларын ВСП+  программасы боюнча экспортко таандык. Нөлдүк ставкада негизинен төө буурчак, кийим буюмдары, бал, кургатылган жемиштер, жашылчалар экспорттолот. Бул макамдын берилишиндеги негизги талап - эл аралык Конвенциядагы адам укуктары, натыйжалуу башкаруу жана экологиялык стандарттар боюнча шарттарды аткаруу. А Кыргызстан жаңы мыйзамды кабыл алуу менен мындай мүмкүнчүлүктөн кол жууйт.

Каршы чыккандар көп, кабыл алынбайбы?

Жаңы мыйзамга каршы чыккандардын катары калың. Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү эмгекчилдер, профсоюздар мыйзамды ишке ашырууга болбой турганын далилдеген жүйөлөрдү келтирип, президентке жана парламентке кайрылуу жасашууда. Кыргыз Өкмөтү бул долбоорго терс корутунду берген. Бирок анын койгон талаптары долбоорго киргизилген эмес. Андан сырткары, БУУнун Вербалдык нотасы өлкө бийлигине багытталды. Эл аралык эмгек уюму, Эл аралык профсоюздар бирикмеси жана бейөкмөт уюмдары да нааразычылык билдиришти.

Ал эми Россиянын профсоюздук бирикмесинин лидерлери Борис Кравченко менен Михаил Шмаков да кыргыз президентине түз кайрылуу жолдошуп, аталган мыйзамга вето коюуга чакырышты. Жогоруда айтылгандай, Грузиянын профсоюздар бирикмеси дагы четте калышпады, мыйзам долбоору парламенттин кароосуна коюлган алгачкы убакта эле анын кесепети тууралуу айтып чыгышкан.

Ошондой эле, 70 миңден ашуун эмгекчил жарандар президент Садыр Жапаровго кайрылышып, мыйзамга вето коюусун талап кылышууда.

Мыйзам долбооруна каршы Бишкекте болгон митингде мындай мыйзам бир да өлкөдө жоктугун, биринчи жолу Кыргызстанда кабыл алынгандыгын айтышты. Бул таң калыштуу деле эмес, Кыргыз өлкөсү мыйзам чыгаруу бутагына билими эмес, эпчилдиги менен барып алган айрым сабатсыз депутаттарынын айынан тескери жагынан өзгөчөлөнүп, оозду ачыруу боюнча “чемпион” болуп бүтпөдүбү.

ххх

Акырында белгилей кетсек, 18-мартта Биринчи май райондук соту Мирбек Асанакуновго профсоюздар Федерациясынын төрагасынын милдетин аткаруусун жокко чыгарды. Ошондой эле, ага жана анын “орун басарлары” болуп жүрүшкөн Ренат Арыков менен Сулайман Закировго кызматтык имаратты, кызматтык унааны, профсоюздарга таандык мүлктөрдү пайдаланууга тыюу салды. Андыктан, эми алар союздун атынан документтерге кол коюшпайт, кадрдык жана каржылык-чарбалык ишмердүүлүккө байланышкан кандайдыр бир чечимдерди кабыл алышпайт. Андан сырткары үчөөнө КПФнын бюджетинин акча алууга жана союздун эсебинен кандайдыр бир каржылык операция жүргүзүүгө болбойт. Бирок соттун чечими чыкканына карабай Асанакунов тараптан кыймыл жок. Качан имаратты мыйзамдуу төрагага бошотуп берээри белгисиз... Же укук коргоо органдары кыймылдабайт, анткени, Мирбек Асанакуновдун үстүнөн бир канча Кылмыш кодексинин беренелери боюнча кылмыш ишин козгосо болот... Бийлик буга качан көңүл бурат?

Аэлита Сатындиева, Булак: “Майдан. kg” гезити