Бишкек шаарынын Биринчи май районунун башчысы Максат Нусувалиев менен Ленин районунун акими Мелис Өскөмбаев Кут конушунун жашоочулары менен жолугушту.
Биринчи май райондук мамлекеттик администрациясы билдиргендей, жолугушууда аянты 100 гектарды түзгөн Новопавловка айылын Ленин районуна кошуу талкууланды.
Ошондой эле тургундар милициянын аймактык пунктун ачууну жана жашаган жери боюнча маалым кат берүүнү уюштурууну суранышты.
Бул маселелер Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында каралмай болду.
Биринчи май райондук мамлекеттик администрациясы белгилегендей, 100 гектарды түзгөн Новопавловка айылынын аймагын Ленин районунун чек арасына кошуу пландалууда.
Булак: Баракелде