Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Лейлек районунун Арка айылынын жолунда бараткан күйүүчү май ташыган автоунаалардын жана бензовоздордун видеосу соцтармакка жарыялангандан кийин кызуу талку жүрүүдө. Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев күйүүчү майдын аткезчилигине күрөш жарыялап, чек арадагы көзөмөл күчөтүлгөнүн жарыялаган болчу. Видеонун таралышы УКМКнын төрагасынын билдирүүсүнө каршы келип, коомчулукта элге аткезчилик токтотулду делген менен жең ичинен күйүүчү май дагы деле Тажикстанды көздөй агылып бараткан турбайбы дегендей пикирди пайда кылды. Бул жерде чындыкты эч ким үңүлүп караган жок. Авторлор кандай мааниде чагылдырууну кааласа, видеодогу көрүнүштү ошол тарапка буруп коеру болоорлугун көңүлгө алышпады.

Лейлек районунда “Кыргызнефтегаз” ААКсы жайгашкан. Ишкана бир нече скважиналарга ээлик кылат жана мунайзат өндүрөөрүн жергиликтүү тургундар жакшы билишет. Тажикстан менен күйүүчү май планында карым-катнаш убактылуу токтогондон кийин ишкана өндүргөн мунайзат Кочкор-Ата шаарына ташылып баштаган. Видеодогу бензовоздордун узун тизмеги так ошол Кочкор-Ата шаарын көздөй, “Кыргызнефтегаздын” чийки затын ташып бараткан автоунаалар. Жакшылап караган адам күйүүчү май ташыган автоунаалар менен мунайзат ташыган автоунааларды айырмалай алат. Бензовоздун кара бочкалары ичинде күйүүчү май эмес, мунайзат бардыгын айгинелеп турбайбы. Жумурткадан кыр издегиси келгендер автоунаалардын сапарын тескери багытка буруп, Тажикстанга жеткирилип бараткандай түр көрсөткөн.

УКМКнын Чек ара кызматы кечээ тараткан билдирүүсүндө да муну тастыктады. “Кыргызнефтегаздын” бензовоздору чийки затты Баткенден Жалал-Абад облусуна ташыйт. Чек ара аймактарындагы аткезчилик менен күрөшүү татаал иш. Бирок ага карабай Чек ара кызматы мыйзамсыз жеткирүүлөргө каршы аракеттерди жасап жатат”, - деп билдирген аталган кызмат.

Ошондон улам, түз жерден жалган  маалыматтарды таратуудан алыс болуп, тийиштүү кызматтар тарабынан жасалып жаткан туура иштерди тескери бурууга аракеттенбесек жакшы болоор эле.