Аталган видеотасманы социалдык тармактын колдонуучусу Айжамал Маматкасымова жарыялап, окуя тууралуу билдирүү калтырган.
blob:https://www.facebook.com/366bdf38-6b46-484c-9b3f-639e30bbc67d
Маалым болгондой, Айжамал Маматкасымова түн ичинде көп кабатуу үйдүн короосунда кыздын кыйкырып жаткан үнү угулган. Терезеге барып караганда, эки эркек киши кызды тизелетип, колдорун кайрып жатканын көргөн.
«Жакында эле болгон окуя. Саат түнкү 11 менен 12нин ортосунда двордон кыздын кыйкырган үнү угулганынан балконго чыгып карасам, эки бала кызды тизелетип, бирөөсү мойнуна басып кармап, экинчиси белине тизеси менен чыгып, колдорун кайрып кыйнап жатышыптыр. Аны көрүп титиреп калдым. Койгула деп кыйкырсам, угушкан жок. Өздөрү кыйкырышып сүйлөшүп жатышкан. Өзүм Сыртка чыккандан корктум. Анан телефонду алып келип, жок дегенде тартып алайын жана милицияга чалайын десем, ары жактан эки узун бала келип кызды куткарып, бөлүштүрүп калышты. Аларга деле баш ийбей “Бул менин катыным, өзүм билем. Брат, сен киришпе, кое бер, мен алып кетем, сөзүм бар”, деп кыйкырыпжатт. Кыз болсо “Алдайт, күйөөм эмес” деп,тиги зөөкүрдүн колунан чыкканга аракет кылып жатты. Сыртта адамдар бар болчу. Эч ким үн да чыгарган жок. Ары жактан бир улуу эже өтүп баратып “койгула” десе, “Эже киришпеңиз, семейный уруш” деп коюптур. Анан двордо аялдар пайда болуп калганда мен сыртка чыктым. Эмне унчукпайсыңар көрүп туруп десем, “Бала мас экен, кызды бирөөлөр менен кармап алыптыр, кызганып урушуп жатышат” деп айтышты…».
Элгезит