Эгемендүү ѳлкѳ болгону, жумушсуздук кѳйгѳйү чечилбей келет. Ар бир келген жаңы  бийлик экономиканы кѳтѳрүп, жумуш орундарын түзүүгѳ аракет кылат. Бирок натыйжасы кѳрүнѳ элек,  жумушсуздуктун кѳрсѳткүчү жогору бойдон калууда.  Тилекке каршы, Кыргызстан  бул кѳрсѳткүчтѳ ЕАЭБдин аймагында алдыңкы орунга чыкты. Муну Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, атайын мамллекеттик органдарга катталган жумушсуздардын саны ЕАЭБ ѳлкѳлѳрүнүн аймагында 2,5 млн. адамды түзгѳн. Анын ичинде эң кѳп жумушсуздар  Кыргызстан менен Россияда экен. Бул расмий жумушсуз деп катталгандар боюнча эсептегендеги кѳрсѳткүч. Ал эми эч жерде каттоого турбаган жумушсуздарды кошпогондо кѳрсѳткүч мындан да начар экендиги айтпаса да түшүнүктүү.

Ал эми жумушсуздардын эң тѳмѳнкү кѳрсѳткүчү Белорусияда катталган. Евразия экономикалык союзунун маалыматы боюнча, жумушсуздардын саны 2020-жылга караганда 2,5 эсеге кѳбѳйгѳн.

Булак: “Майдан. kg”  гезити