Печать
Категория: Коом
Просмотров: 166

ЖК депутаты Дастан Бекешев авто унаалардын маңдайкы, алдыңкы  айнектерин караңгылатууга мыйзам түрүндѳ  уруксат берип, аны менен ѳлкѳнүн казынасын толтуруу керек деген Ѳкмѳттүн сунушун колдоп жатат. Эл ѳкүлүнүн пикиринде, муну ишке ашырса болот.

“Кошуна Тажикстандын ѳкмѳтү ушундай жол менен Рогун ГЭСин курууга акча топтошкон. Алар айнекти караңгылатууга 500 долларга уруксат беришкен. Жол кыймынын коопсуздугун камсыз кылууга тоскоолдук кылат деп жатышат. Бирок ал үчүн башка чаралар деле бар да. Мындай сунушту карап кѳрүү керек”, - дейт эл ѳкүлү.

Мындай сунушка каршы болгондор да жок эмес. Жол коопсуздугу башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Сергей Дьяченко буга каршы.

“Авто унаалардын айнектерин караңгылатуу кѳптѳгѳн кѳйгѳйлѳрдү жаратат”,- дейт ал. – Бул биринчи кезекте айдоочулар үчүн кѳйгѳй жаратат. Караңгылатып алганда жолду кѳрүү начарлайт, түн ичинде айдоо кыйын болот. Айдоочулардын коопсуздук курун тагынган, тагынбагандарын инспекторлор кѳрѳ албай калышат. Рулда ким отурганы кѳрүнбѳй калат. Уруксат берүү туура эмес болот. Анын үстүнѳ бул бюджетти сезилерлик деле толтурбайт”.

Ѳлкѳнүн бюджетин толтуруу үчүн кандай гана сунуштар берилбей келет. Бирок алардын кээ бирлери “артык кылабыз деп тыртык кылдык” дегенге алып барышы мүмкүн. Албетте, жыртык бюджетти толтурса, уруксат берүү керектир. Ошол эле мезгилде коопсуздук маселелерин да унутпасак.

Булак: “Майдан. kg”  гезити