Соцтармактага бүгүн Баткенде кыргыз-тажик чек арасынан Тажикстанды көздөй бараткан күйүүчү май ташыган чоң автоунаалардын видеосу тараган. Видеону тарткан автор Баткенде тажик өлкөсүнө контрабандалык жол менен күйүүчү майларды ташуу улантылып жатканын белгилеген. Аны айрым маалымат каражаттары чыгарып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин дарегине терс пикир айтууга жетишишти. Белгилей кетсек, Ташиев Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү майларды контрабандалык жол менен алып өтүү толук токтотулганын билдирген эле. Айрымдар видеону УКМКнын төрагасынын билдирүүсүн калпка чыгарууга пайдаланышты.
Көп өтпөй УКМКнын Чек ара кызматы маалымат таратты. Анда, Тажикстанга күйүүчү май алып баратат делген бензовоз менен чоң автоунааларды чагылдырган видео кыргыз-тажик чек арасындагы Жаңы-Жер, Арка жана Кайрагач аймактарында ар кайсы убакта тартылып, кураштырылып жасалганы белгиленди.
"Кыргызстандан Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктары аркылуу күйүүчү майды алып өтүүгө тыюу салынган. Бирок мамлекеттик чек аранын линиясынан 3 чакырым ары чек ара тилкесинде бул убактылуу тыюу салуу киргизилгенге чейин Кыргызстандан чыгып кетүүгө үлгүрбөй калган бензовоздор турушат. Чек арага жакын бош жүк ташуучу автоунаалар да топтолуп калган. Лейлек районунда кудуктан газолин алган "Кыргызнефтегаз" ААКсы иштейт. Компаниянын бензовоздору чийки затты Баткен облусунан Жалал-Абад облусуна ташыйт. Чек ара аймагындагы контрабанда менен күрөшүү оңой эмес. Бирок Чек ара кызматы мыйзамсыз ташууларга каршы аракеттерди жасап жатат", - деп айтылат маалыматта.