Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, тергөө жана издөө иштеринин жүрүшүндө кыздын уурдалышына шектелип Бишкек шаарынын аймагында 1995-жылкы Т.К., Жалал-Абад облусунун аймагында 1991-жылкы Н.О. кармалды.
Буга чейин кыздын уурдалышына шектелип 29 жаштагы Р.А. жана 32 жаштагы З.Р. аттуу жаран колго түшүрүлгөн.
Белгилей кетсек, 5-апрелде Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.
Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.
Булак: Кабар