Печать
Категория: Коом
Просмотров: 228

"Бурулай, Айзада... Биз, эркектер эмне болуп баратабыз?! Аң сезимдин толук дегредацияланышы. Билимдин жетишпестигиби же тарбиянынбы? Сыягы, баары жетишпейт. Адамча сый көрсөтүүнү да билбей калдык.

Менин милициям мени коргойт дечү элек качандыр бир. Убакыт башка, адамдар башка. Ички иштер министри кол алдындагылардын шалаакылыгы үчүн өзү арызын жазып иштен кетиши керек. Бул эркекче болот. Тийиштүү чараларды көрбөгөндөрдүн баарын ээлеген кызматтарынан бошотуп, мындан ары ички иштер жаатында эмгектенүү укугунан ажыратуу керек! Анан да таң калыштуусу балдар өзүнө өзү бычак сая баштаптыр..." - деп жазды экс-депутат Исхак Масалиев.