Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Көк-Талаа” көзөмөл пунктунда “VolvoPH12” үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.
Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан ар кандай тиричилик буюмдары (шыпыргы, чоюн казан жана идиш-аяктар) табылган. Кармалган товарлардын жалпы наркы 4 млн сомдон ашуун.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР мыйзамдарына ылайык сотко чейинки өндрүш иши жүргүзүлүүдө.
Булак: Кабар