Урматтуу мекендештер! Бул окуяны мен дагы толук маалыматым бар. Президенттин да, менин да көзөмөлүндө. Мен да абдан кайгырып турам, кызматтык териштирүү жүрөт. Чогулган эл министрдин тез арада кетишин талап кылып жатышат.

Эл эмнеге министр өзү эл алдына чыкпайт деп, анын отставкасын талап кылышты. Буга премьер-министр кыска убакыт бергиле деген жообун айтты. Ал кызды кармаганда милиция дароо реакция кылганын баса белгиледи. Ал тез арада буга байланыштуу адамдар боюнча иш тергелээрин билдирди.

«Отставка!», «Уят!», «Министр кетсин!», «Жетишет!», «Ала качуу салт эмес!», «Аялдарга сөз!», «Коопсуз мамлекетте жашагым келет!» деп кыйкырып турушат. 2018-жылы ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын окуясын эске салышууда.

«Дагы канча өлүм керек?»,» Шалаакылык үчүн ким жооп берет?», «Мен жашагым келет!» деген жазууларды, Айзада Канатбекованын жана Бурулай Турдаалы кызынын сүрөттөрүн көтөрүп алышкан.

Акциянын катышуучуларынын алдында Ниязбеков чыккан жок. Анын орун басары, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жетекчиси чыгып, жооптуу кызматкерлердин ишине баа бериле турганын айтты.

Эске салсак, 5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция аны уурдоого шектүү 31 жаштагы жаран алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, 27 жаштагы кызды Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Митингде айымдарга гана сөз берилди.

Булак: Элгезит