Каза тапкан Айзада Канатбекова ала качкан жигит менен төрт айдан бери сүйлөшүп, баш кошобуз деп жүрүшкөн экен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин өкүлдөрү бүгүн маалымат жыйынында билдиришти.
"Биз камерадан карап кызды ала качкан автоунаа Ош базары тарапка кетти деп ойлогонбуз. Ошондуктан Сосновкага чейин текшердик. Андан кийин кыздын түпкү теги Балыкчыдан болгондуктан, Ысык-Көлдүн жолдорун карадык. Көрсө, ала качкандар камера жок жолдор менен Арашанга кетишиптир. Ал жерде автоунаанын дөңгөлөгү ылайга тыгылып жүрбөй калган. Төрт тарабынан чычырканак курчалган жер болгондуктан, автоунаа көрүнгөн эмес. Соттук-медициналык экспертизанын болжолдуу жыйынтыгына караганда, кыз шектүүнүн футболкасы менен муунтулган. Кыздын жана жигиттин телефондорунан сим карта чыгарылып, өчүрүлгөн абалда болгон. Автоунаанын ичинде адамдар бардыгы алыстан көрүнгөн эмес, ошондуктан чабан биринчи көргөндө маани берген эмес, кийинки күнү гана жакындап барып көрүп, милицияга кабарлаган", - дешти укук коргоо кызматкерлери.
Ошондой эле алар Айзада ал жигит менен сүйлөшүп, баш кошууга камынып жүрүшкөнүн кошумчалады.