Премьер-министр Улукбек Марипов күч менен никеге туруу үчүн кыздарды ала качуу кылмыш экенин жана ал үчүн жазалоо каралганын билдирди. Бул тууралуу Марипов Бишкекте Айзада Канатбекова уурдалып, өлтүрүлгөндөн кийин комментарий берип, «бул иш-аракет адамга каршы жана аны актоого негиз жок», — деп кошумчалады.
Өкмөт башчы Марипов каргашалуу окуяны «элдин жалпы кайгысы» деп, күнөөлүүлөр адилет жана катаал жазага тартыларын убада кылды.
«Биз биргелешип иш алып баруу менен гана аялдардын укуктарын коргоп, басмырлоого каршы тура алабыз. Ала качуу салт эмес — бул кылмыш болуп саналат жана биз муну өлкөбүздүн ар бир адамына жеткиришибиз керек».
Булак: Элгезит