Печать
Категория: Коом
Просмотров: 105

Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-апрелде болжол менен саат 14:30да Аламүдүн райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаада аялдын жана эркектин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, Бишкектеги көчөлөрдүн биринен уурдалган кызды салып кетишкен «Honda Civic» автоунаасын көрүшкөн.

«Унаанын ичинен 1994-жылы туулган К.А. аттуу жарандын кыйноого алынып өлтүрүлгөн сөөгү жана 1985-жылы туулган Т.З аттуу жарандын бычак жеп каза болгон сөөгү табылган», - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматка караганда, Т.З. аттуу адам ортодогу жаңжалган улам кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгон.

Учурда тиешелүү иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган болчу.

 

Булак: Кабар