Жарандык активист Болот Ибрагимов Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча коомчулукка кайрылуу жасады. 

"Азыр гана 5-апрелде уурдалган Айзада Канатбекованын сөөгү Бишкектин четинен табылганын уктум. Милиция эки күндө эмне кылды? Мында  өтө оор кылмыш жасалды. Өз убагында көңүл буруп, аракет кылышканда балким Айзада тирүү калмак. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, министрдин оперативдүү иштер боюнча орун басарлары, кайсы жакты карап отурдуңар?! Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыштын бети ушул убакка чейин ачыла элек! Бурулайдын өлүмүнөн сабак албаптырсыңар! Силер кыбыраш үчүн дагы канча кыз каза болушу керек?! Рейд уюштурганда жолду бөгөп, журналисттерди чакырып, бүт жеке курам менен көчүп барасыңар. Сойкуларды кармаганда да жеке курам толук чуркайт. А кыздар уурдалганда кыймылдабайсыңар. Жыйынтыгында, биз аларды жоготуп алып жатабыз. Айзаданы бир нече адам алып качкан. Кылмыш кылгандардын калгандарын кармаңыздар!" - деген жарандык активист коомчулукка кайрылып, видеодогу жарандарды тааныгандар болсо, маалымат берүүсүн өтүндү. 

 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү кечээ, 7-апрелде Арашан айылынын четинен табылган.