Печать
Категория: Коом
Просмотров: 195

"Бизге ушундай ички иштер министринин кереги барбы? Адамдарды чак түштө уурдап кетип жатышат, а милиция издөөгө араң гана киришти. Бурулайдын өлүмү сыяктуу эле Айзаданын өлүмү да милициянын абийиринде. Президентти мазактап көргүлөчү, дароо таап алышат", - деп жазды депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына. 

Эске салсак, ала качууга туш болгон Айзада аттуу кыздын  жана аны ала качкан жигиттин сөөгү кечээ Арашан айылынын четинде токтоп турган автоунаадан табылган.