Печать
Категория: Коом
Просмотров: 167

Айзада аттуу 27 жаштагы кыз ала качууга туш болгону бир нече күн мурда соцтармактарга жарыяланган. Андан кийин анын кайда экени белгисиз болуп, кыздын туугандары милициянын жардамынан үмүтүн үзгөндөн соң маалымат каражаттарына кайрылышкан. Кечээ Айзаданын сөөгү Арашан айылынын четинде токтоп турган унаадан табылды... Бул кайрадан ала качуу маселесин көтөрдү. Көпчүлүк маселеге кайдыгер караган укук коргоо кызматтарын айыптап жатышат. Журналист Жыргалбек Касаболотов ала качуу салт, мыйзам жана адамгерчилик жактан алганда да кылмышка кирет деп эсептейт:

"Окуянын негизги версиясы катары ала качуу талкууланууда. Ошондуктан аны салт катары кабыл алгандар да чыгышы мүмкүн. Бирок чынында салт боюнча да, мыйзам боюнча да, адамгерчиликтин талабы боюнча да ала качуу - кылмыш. Аны салт дегендер терең жаңылышат. Бул өнөкөт совет мезгилинде күчүнө кирген. Ал эми салт боюнча кызды ала качкан тарап тескерисинче айыпка жыгылган. Эгер ала качуу салт болсо Манас атабыз Каныкей энебизди, Семетей Айчүрөктү, Эр Төштүк Кенжекени достору менен жула качып, ата-энеси ачуу басарына барып отурганын таап бергиле. Фольклорду түтүнүн түрө кыдырып таппайсыңар. Жазуу жүзүндөгү эстеликтер өтө жетишсиз болгондуктан, фольклор - биз үчүн этнографиялык өтө баалуу булак. Айтмакчы, фольклордон ЛГБТлар, сойкулук, баңгилик тууралуу да маалыматтарды таппайсыңар. Демек, бул көрүнүш кыргыздардын кылымдарды карыткан тарыхынын негизги бөлүгүндө болгон эмес.

Салттарды салт сымактардан, өнөкөттөрдөн жана башкалардан айырмалаш керек. Ичкилик күчөп турган кезде "суусун жуткурмай", "уйкулук", "базарлык", "жуумай", "майламай" дегендер күчөп кеткен. "Аш көп болсо каада көп" деп кыргыз ошон үчүн айтат. Анын баарын салт деп айта албайбыз.

Жөн эле калыстыктын позициясынан айтканда да, ала качуу - кылмыш. Кыз өзү качып келген учурлар ага кирбейт. Кеп күчкө салып ала качуу жөнүндө болуп атат. Совет мезгилинде жана андан кийинки жылдары кеңири кулач жайганы, көптөгөн үй-бүлөлөр курулганы, көбүбүздүн башыбыздан өткөн нерселер бул өнөкөттү актабайт. Анткени эмне болгон күндө да кыздын кыялы талкаланат, эркек-аялдын ортосундагы гармония бузулат. Мен кийинки жылдары адам баласынын энергиясынын эзотерикалык жана парапсихологиялык жактарына чейин кызыгып көрдүм. Анын баарынын канчасы чын, канчасы төгүн экенин айтыш кыйын. Бирок биздин көп балдар кул мүнөз, жалтак, үйдө баатыр, жоодо жок болуп жатканынын бир себеби ушунда болушу да мүмкүн деп ойлойм. Биринчиден, кордукка кабылган кыз ичинен болсо да ошо кордогондорду тууган-туушканына, ата-жотосуна кошуп туруп каргайт. Ал эми Жараткан аял киши алсыз болгондуктан ага ошонун күчүн көбүрөөк берген дешет. Экинчиден, кордуктан туулган балдар түйүлдүк кезинде эле зак кеткен программа менен төрөлүшү мүмкүн. Албетте, адам баласынын психологиясынын бардык өңүттөрүн эсепке алыш мүмкүн эмес. Бирок ушундай чындык да бар. Демек, бул түпкүлүгүндө элдин Өзөгүнө зыян. Бул маанисинен алганда бул Элге каршы кылмыш".