Президент Жеңиш аянтындагы «Өчпөс оттун» бир «хайп» кылгысы келген баланын ээнбаштыгынан улам өчүп калганына дароо реакция кылып, өкүнүчүн билдирди, баланын жоругун айыптады.

Эми чаламандык чак түшүндө уурдалып барып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айзаданын өлүмүнө реакция кылабы? Өздөрүнүн шалаакылыктарын, мажирөөлүктөрүн көрсөтүшкөн укук коргоо органдарынын жетекчиликтерине тийешелүү чара көрөбү?

Жеңиш аянтында от өчтү, аны кайра күйгүзүп койсо болот. Бирок Айзада келбес жакка кетти, кайрылып келбейт. Күйгөн от кайра өчкөндөй жапжаш курагында өмүрү кыйылды. Ата-энесин, жакындарын күйүттө калтырып кете берди...

Бул иште укук коргоо органдарынын шалаакылыктары даана көрүнүп турат. Авто унаанын маркасын, номерин, уурдагандардын жүздөрүн көрдүк. Эгерде укук коргоо органдары дароо реакция кылып, «план перехват» дегендей чараларды көрүшкөндө, бул окуя болмок эмес. Окуяга адам өмүрүнө коркунуч келтирилип жаткан кылмыш катары мамиле кылышкан жок, көп кыз ала качуулардын бири, нормалдуу көрүнүш катары гана карап коюшту. Ошон үчүн кайдыгерлик, көңүлкоштук кылышып, уурдагандардын издерине түшүп издешкен жок.

Урматтуу Президент, бул окуяга да реакция кылышыңызды күтөбүз. Мында от өчкөн жок, өмүр «өчтү»…

Мирлан Дүйшөнбаев