"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун ден соолугу начарлап, оор абалда ооруканага түштү деген кабар маалымат каражаттарына жарыяланган. Бирок аталган партиянын өкүлү бул кабарды жокко чыгарды. 

"Адахан Кимсанбаевич сахар диабети дарты менен жабыркап келет. Ошондуктан бир жылда эки жолу ооруканага пландуу жатып дарыланат. Азыр да дарыланып жатат. Акыбалы оор деген маалымат чындыкка дал келбейт", - деди ал.