Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Бишкек шаардык жол көзөмөл башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.
123 – берененин (“Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу”) 1-бөлүмү (“Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/сааттан көп, бирок 20 км/сааттан көп эмес ашуусу”).
1231-берененин (“Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу”) 1-бөлүмү ("Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо").
- Учурда бул эки беренени бузган айдоочуга 1000 сомго чейин айып пул салынат. Эгер айдоочу айып пулду 15 күндүн ичинде төлөсө акчанын өлчөмү 50% арзандайт. Ал эми өкмөт демилгеси боюнча айып пулдун суммасы өзгөрбөйт, бирок 15 күндүн ичинде төлөсө 70% арзандатуу каралган.
- 3-апрелде премьер-министр Улукбек Марипов Кыргызстандагы социалдык-экономикалык кризиске байланыштуу өкмөт “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандарга карата айып пулду төмөндөтүүнү пландап жатканын билдирген.
- “Коопсуз шаар” долбоорунун негизинде коюлган камераларга 2019-жылдын 4-мартынан 2021-жылдын 26-мартына чейин 2 миллион 239 миңден ашуун жол эрежесин бузган учурлар катталган. Айдоочулар айып пул эрежеси киргенден тартып мамлекеттик бюджетке жалпысынан 1 млрд. 575 млн. сомдон ашык акча төлөшкөн. «Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган.
Булак: Азаттык