Печать
Категория: Коом
Просмотров: 76

 5-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту УКМКнын 9-кызматынын (Мамлекеттик күзөт) мурунку кызматкери Канат Сагымбаев менен саясатчы Темирлан Султанбековдун баш коргоо чарасын өзгөрттү, деп билдирди Кундуз Жолдубаева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында.

Буга чейин алар үй камагында болчу, сот аларга эч жакка кетпөө тил каты боюнча баш коргоо чарасын өзгөрттү.

Сагымбаев, Султанбеков жана президенттин администрациясынын мурунку башчысы Фарид Ниязов 2020-жылы 10-октябрда Ала-Тоо аянтында 9-октябрда болгон башаламандыкка шектелип кармалган. Сагымбаев менен Султанбеков бир нече күндөн кийин үй камагына чыгарылган, ал эми Ниязов СИЗО-1 мекемесинде камакта.

Булак: Баракелде