Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүдө маалымдалгандай, 1-апрель күнү саат 07:00дөр чамасында Аксы аймактык ооруканасынын дарыгери “102” кызматына Кара-Суу айылынын 14 жаштагы тургуну аталган оорукананын төрөт бөлүмүндө төрөгөндүгүн кабарлаган.
Аталган окуя Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмү (“Зордуктоо”) менен сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө.
“5-апрелде Аксы районунун 17 жаштагы А.К. аттуу тургуну шектүү катары кармалып, Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген”, - деп айтылат маалыматта.
Булак: Кабар