"Кыргыз Республикасынын Билим жана Илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин ЮНЕСКОнун Башкы директору болуп шайланып калуу мүмкүнчүлүгүнө балта чаап алгандайбыз...
ЮНЕСКО деле бир топ коррупцияга баткан эл аралык мекеме экени билине баштады көрүнөт... Анын башчылыгына шайлоону чоң жана бай мамлекеттер менчиктеп алгандай. Кыргызстандан да кандидатура түштү деген маалыматты ЖАШЫРЫП коюштун өзү эмнеден кабар берет...
Негизи эле, менин жеке пикиримде, Кыргызстан расмий түрүндө Алмаз Бейшеналиевдин кандидатурасын колдоп койсо болмок! Мүмкүн, жаш , англис тилинде сайраган креативдүү министрибиз Алмаз Бейшеналиев ЮНЕСКОнун баш директору болуп шайланып калмак... Анын кандидатурасын майда-чүйдө шылтоо менен алдырып салдык өзүбүз.... Өкүнүчтүү..."- деп жазды саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, 11-мартта билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев БУУнун билим, илим жана маданият маселеси боюнча Аткаруу комитетинин төрагасы Агапито Мба Мокуиге кайрылып, ЮНЕСКОнун башкы директорлугуна өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн.
Андан көп өтпөй КР Тышкы иштер министрлиги Билим берүү жана илим министрлигинен Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлигин ЮНЕСКОнун башкы директорлугуна көрсөтүү тууралуу расмий билдирүү келип түшпөгөнүн, министр талапкерлигин өз алдынча сунуштаганын билдирген.