Малик Аликеев Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алды. Наамды 4- апрелде Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев тапшырды.

Ошондой эле, ырчыга Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун жана Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Мариповдун атынан материалдык жардам тапшырылды.

Эске салсак, Малик Аликеевдин буту ооруп, басуу кыйынчылык жаратып калган. Өткөн жылы Сабырбек Жумабеков операция жасаган. Ырчы учурда кичи мекени Таласта, апасынын кароосунда.