Печать
Категория: Коом
Просмотров: 83

Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт чыккан облус-шаарлар:

- Бишкек шаарында — 3,

- Чүй облусунда — 4,

- Ысык-Көл облусунда — 3,

- Ош, Жалал-Абад облустарында экиден,

- Ош шаарында, Нарын, Талас облустарында бирден өрт кырсыгы катталган.

Фрунзе көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн жанында «Ренж Ровер» үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрт электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан келип чыккан.

Т.Айтматов жана Мамбетов көчөлөрүнун кесилишинде кароосуз калган павильондун 5 чарчы метр шыбы жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Логвиненко көчөсүндө турак үйдүн 1 чарчы метр мордун тегереги түтөгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларын кароодо эреженин бузулушу болгон.

Булак: Баракеде