Маалыматка ылайык, "МЭА" ААКнын жетекчилиги тарабынан инвестициялык жана башка долбоорлордо мындай сценарий каралган эмес жана каралбайт дагы.

“Андыктан, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө мындай жалган маалыматты таратпооңуздарды өтүнөбүз. Маалыматты тактоо үчүн "МЭА" ААКнын басма сөз кызматына кайрылсаңыздар болот”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, мурдараак ЖМКда КР өкмөтү "Манас" эл аралык аэропортун тышкы башкарууга өткөрүүгө ниеттенүүдө деген маалымат тараган.

Булак: Кабар