Печать
Категория: Коом
Просмотров: 80

Бүгүн, 2-апрелде Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинин ачылыш аземи өтүүдө.

Буга чейин «Ак-Жол — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекети жабылып, ал жакта оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан.

Былтыр декабрь айында Чек ара кызматы «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө жайын оңдоо иштери 68% бүткөнүн маалымдаган.

Мурдагы вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо менен жарандарга ыңгайлуу шарт түзүлөрүн айткан. Ошондой эле мамлекеттин аброю көзөмөл-өткөрмө жайларынын сырткы көрүнүшүнөн көз каранды экенин, ошол себептен жаңылоо иштерин сапаттуу жүргүзүү керектигин белгилеген.

Көзөмөл-өткөрмө бекетин жаңылоо иши республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери толугу менен аяктап, өткөрүү иштери жанданат.

Булак: Маралфм