Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, эмделгендердин ичинен: дене табы көтөрүлгөндөр 2-3%, башы ооругандар 3,5%, алсыздык байкалгандар 6-7%ды түзөт. Калгандары өздөрүн жакшы сезип жатышат.
Анын айтымында, жаран өзүн кандай алып жүрөт, көрсөтмөлөрдү так аткарып жатабы, ошол маанилүү. «Эмдөө жүргүзүлгөн жерге 3 күн суу тийгизбөө керек»,- деп кошумчалады ал.
Булак: Баракелде