Бул тууралуу Мадания, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев «Азаттык» радиосунун түз эфиринде айтты.
Министрлик азырынча расмий маалымат бере элек.
Кайрат Иманалиевдин айтымында, Улуттук тарых музейин ачуу маселеси президент жана өкмөт башчы менен сүйлөшүлдү, ошондой эле музейди жасалгалаган Германиянын адистери менен онлайн жыйын болгон.
Буга чейин кыргыз тарап германиялык компанияга программалык камсыздоону иштеп чыгуу үчүн 200 миң еврого жакын карыз экени айтылган.
Карыз төлөнгөндө адистер электрондук иштетүү жабдыктарынын ачкычтарын өткөрүп беришмек.
Тарых музейи 2016-жылдан бери жабык турат. Реконструкциялоо иштери 2018-жылы эле аяктаган, бирок чыгымдар кымбаттатылганы үчүн Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.
Музейдин ачылышы бир нече жолу жылдырылып келди. Ошол эле учурда музейге карызы үчүн электр жарыгы өчүрүлөт деп коркутушкан.
Булак: Маралфм