Бул тууралуу “Репортёрго” өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 31-мартта ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолуккан.

Жолугушууда аталган кызмат ага кызыктырарын билдирген.

Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун штаб-квартирасы Париж шаарында жайгашкан.

Өмүр баяны:

Садык Шер-Нияз 1969-жылы 10-мартта Талас облусунун Чоң-Капка айылында туулган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Кыргызстандын Кинематографисттер биримдигинин төрагасы, “Айтыш” коомдук фондунун, “Айтыш фильм” киностудиясынын жана “Калемгер” адабий клубунун негиздөөчүсү.

“Курманжан датка”, “Биринчи кадр”, “Чыңгыздын жылдызы өчпөсүн”, “Аян”, “Форс-мажор” тасмаларынын режиссеру.

Билими жогору.

  • 1987-жылы Фрунзкнин машина куруу техникумун аяктаган;
  • 2000-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин;
  • 2009-жылы Сценаристтердин жана режиссерлордкн жогорку крусун бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  •  1996-1998 — “АЧЕКЕЙ” ЖИнин директору;
  • 1994-1996 — “ШЕР” ӨКФ юрист-кеңешчиси;
  • 1998-2004 — Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын депутатынын жардамчысы;
  • 2004-2007 — Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын орун басары;
  • 2010 — КРдин маданият жана маалымат министри;
  • 2012-2013 — “Замандаш” партиясынын тең төрагасы;
  • 2015 — “Ата Мекен” саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Булак: reporter.kg