Печать
Категория: Коом
Просмотров: 223

Бул тууралуу агенттикке Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, бир суткада жалпы 112 адам эмделген.

Бишкекте – 127 адам, Ошто – 123 адам, Чүй облусунда – 54 адам эмдөөдөн өткөн.

Эскерте кетсек, биринчи этапта «SinoPharm» кытай вакцинасы менен 75 миң адам эмделет.

Бишкекте 5 эмдөө пункту Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында жайгаштырылды.

Чүй облусунда Ысык-Ата жана Сокулук райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 5 эмдөө пункту ачылды.

Ошондой эле Ошто №8 жана №10 ҮМБнын эки филиалынын базасында 2 пункт ачылат.

Белгиленгендей, биринчи этапта жандандыруу бөлүмүнүн, жугуштуу оорулар ооруканасынын, тез жардам дарыгерлери, оорунун очогунда иштеп жаткан эпидемиологдор, андан тышкары, мугалимдер, Чек ара, Бажы кызматынын жана ИИМдин кызматкерлери эмделишет.

Булак: Кабар